27 страница15 августа 2018, 18:43

Бешинчи бөлүм I


... Эрегиштен эр өлөт, 
эки жагы тең өлөт... 
досу таппай айласын 
касы көрөт пайдасын...

    БИРИНЧИ БӨЛҮМ

I

1873-жылдын жайы... Тоо тарап дагы тынчсыз. Тоо тарап дагы күү-күү. Ордонун бүрүшкөн шумдары дагы кулактарын түрүп, дагы бири бирин аңдып тиктеп, суу каптап келатканын туюп калган жер чычкан сыңары дагы нары-бери тыпырап жөргөлөп калышты.

Кудаяр-хан кызууланган күнү:

– Кырам! Өрттөйм! – деп кыйкырат, соолукканда колунун учу титиреп, көзүнүн агы көбөйүп, өзүнөн акыл чыкпай, өзгөгө ишене албай, ынактарын кыдырата тиктеп, «Караң ки, баары ууру, баары чыккынчы, баары ашкеби!..» деп, жүзүн үйрүп, ындыны өчөт. Эмне кылуу керек? Айла кайсы? Демейде тили буудай кууруган кеңешчилер азыр аны карап, бардык жоопкерчиликти ага түртүп турушат. Эмне кылуу керек?

Кабар күнүгө жаңы. Төрө-Коргондогу Саранчыпансат 500 сарбазды ээрчитип, эрегишкен элди тосо чыгып, кошулуп кетти. Бат эле Чартак беги тагасы Кедейбай датка, Наманган беги Шамило толук талкаланды. Бүткүл Наманген вилаети көтөрүлгөн элдин колуна өттү?

Кудаяр-хан диван чогултту. «Эмне кылуу керек?» деген гана сөз ортого ташталды. Иштин оңой жагын качырып, жарымпашадан жардам суроо зарылдыгын айтышты. Ага улук увазир Калназар парваначы баш болгон жаат каршы чыкты. Генерал фон Кауфмандан алган жардамдын артында, түзүлгөн шартнамэнын артында сөзсүз бир милдеттенме болот. Ал милдеттенмелер көбөйгөн сайын бул өлкөнүн өзүнчөлүгү кайра оңолгус болуп, тереңге урап, баратканы сезилет. Кудаяр-ханга баары бир. Ушул кичинекей коргон, харими аман болсо, атадан калган тагы алдында турса болгону. Элдин, өлкөнүн кайсы көйгө түшкөнү, кимдин колуна өтүп баратканы ага биринчи коркунуч эмес. Жарымпаша менен түзүлгөн шартнама, моюнга салынган укурук акырындап сөзгө келип кутула берчү, жоё берчү иштей, а жок, эптеп элди тынчытып алган соң, бир күнү «Йа, алла!» деп, баштан көңтөрүп таштай турган иштей көрөт. Көңүлүндөгү төтөгү ушу. Жалаң катындын төшөгүнөн бууну титиреп калган бу арык, кара чүйкө кишинин тайкы оюн Абдырахманабтабачы карап туруп эле билчү. Азыр да Кудаяр-хан жарымпашадан аскер чакыруу жагына ооп калды.

– Амиран, – деди Абдырахман абтабачы акырын ызат менен – өзүбүз эле жайгарбайбызбы өз чатагыбызды?..

Кудаяр-хан жарылып кетти:

– Өзүбүз?! Кантип?!

Абдырахман кирпиги да дирт этпей, Кудаяр-хандын жини бастагыча күтүп, томсоруп тиктеп калды.

– Өзүбүз жайгарбайбызбы дейт?! Алып койду! Алып койду селсаяк Болот Намангенди!.. – деп, Кудаяр-хан кыйкырып, калчылдап, нары-бери басты. Эч ким кут этпеди. Баары башын жерге салып турушту. Ал энтигип, учу титиреп турган колун укалап, кырс-кырс эттирип, жини кайтып, эми эмне кыларын билбей, «Эмне айтты өзүбүз жайгарбайбызбы деп?.. Оюнда эмне бар болду экен бу бөлтүрүктүн?.. Ыя, ата кегин бирөө шыбырап койбоду бекен кулагына?..» деп, бала кезден бирге өскөн курдаш, сырдаш абтабачыны шектенип тиктеп, ага да батына албай, кайсаланып, кынжылып чекесин басты:

– А болуптур... – деди деми жок күңк эте. – Чакыр Науман пансатты...

Науман пансат тез келди. Ал өкүмдардын жашырын буйруктарын аткарып, бирөөнүн бөркүн алып кел десе башын кошо кесип келип жүргөн, өтө ишенимдүү аскербашыларынан болучу.

– Лап-бай, өкүмдар... – деп, эки колун бооруна алып сыңар тизелей таазим кылып, сөз күттү.

Кудаяр-хан:

– Пансат, кылычтын курчтугун сыңар мезгил келди сизге.

Науман пансат өрөпкүп тура калды. Узун бойлуу, иреңи кара, кыркма кара сакалы быжыгыр, алагар көзү кандуу:

– Даярмын, өкүмдар! Кимдин башына сынайын?..

– Буйрук кылабыз! Сиз Науман пансат, аскерден канча керек болсо алың, тигил дүйнөдө кудай алдында, бул дүйнөдө биздин алдыбызда кечирилгис күнөөгө кирипдар болгон карабагыш, катай, кутлук-сейит, найман, курама уруктарын канга бөлөп, кайрадан биздин ыйык тактын алдына чөгөлөтүп келгейсиз!

– Сиздин эркиңиз кудаанын эрки, өкүмдар!

Диван хандын эркин колдоп, тандамал 500 сыпай берип Науман пансатты тоо тарапка аткаруу менен бүттү.

* * *

Эки жоо Ханабад кыштагында кездешти.

Науман баш кагып калган пансат болучу. Ал эң оболу эрегишчилердин саны, саркерлери, уруу жиги, куралы жөнүндө, аларга көмөк келсе кай тараптан келерин, чегинсе кай тарапка чегинерин тактады. Жан тартып кетпесин үчүн өзүнүн артындагы кыштактарга катуу тескөө койду. Андан соң, урушка жайлуу өңүт ээлеп, жүз сыпайды жең ичине буйгага калтырып, жүз сыпайды бөрүтил найзанын учундай кылып алдыга коюп, жүз сыпайды оң жагына, жүз сыпайды сол жагына темир жынжыр кылып тизип, чаң ызгыта каптап чыккан эрегишчилерди ачык бетме-бетке тартты.

Исхак да кашаттын кырына келди. Күмүш жалдуу чабдар аргымактын тизгинин жыя кармап, камчылуу колун серелеп, тиги ордо аскеринин өңүтүн, алды-артын карап турду. Жаңы өсүп келаткан, суюк кара сакалы, кара кундуз муруттуу, жүзүндө биртке чаары бар, сурданган бүркүт кабак, эрдин дайыма бек кымтып турган, тик көз жигит эле. Жанында эки гана киши. Бири оң канаттын саркери Момун, бири сол канаттын саркери Саранчы. Калган кол бир кур сестенгендей дүргүп токтоп, эки канатта обочо.

– Урушта туруш жок...

Саркерлер түйшөлө түшүштү. Исхак сол колун алга шилтеп таштады. Ошол замат Саранчы ат ойнотуп:

– Йа-а, жигит пири Шаймерден, өзүң колдо!.. Ур! А! Ур... – деп, өзү баштап алдыга чаап, кылыч булгалап, чабуулга өттү. Заматта кымкуут түшүп, ат туягынан жер дүңгүрөп:

– Гы-у-у! Гы-у-у... – деп, мээ каңгыткан чуу көтөрө эрегишчилер каптап кирди. Саранчы кылычташууга жеткенде, бир тараптан толкун сыяктуу түрмөк-түрмөк болуп, дүрдүгүп ат коюп, Момундун беш жүзү чыкты.

Бул беттешүү катуу сыноо. Исхак иреңи бир кубарып, бир кызарып, өрөпкүп, үзөңгүгө тура калып, колун серелеп урушту тиктеп турду.

Науман шашпады. Алдыңкы толкундарды кылычтын мизине тосуп, артын бат атар мылтыктын огуна ширеп, эрегишчилердин куралы түзүк жагынан атайылап буйтап, наркы дарбып чапкандарын көбүрөөк беттеп, уруш жүргүздү. Эрегишчилер өжөрлөнүп улам жаңыланып келип жатты. А Науман сыпайларын эч солк эттирбей, бир алга жиреп, бир артка жыйрылып, эрегишчилердин алдын бөлө-бөлө имере чаптырып, бырчылдата соктуруп турду. Сыпайлардын катары да суюлуп, аздап болсо да суюлуп баратканына караган жок. Өзү так ортодо:

– Йа-а, жигит пири Шаймерден, өзүң колдо! – деп каткырып, кашкөйлөнүп, сыпайларын шердентип турду.

Жигит пири куралы мыктыларды, уруш ыгын жакшы билгендерди колдоду.

Кечке утуру уруш токтоду. Бул беттешүүдө Исхак тандамал 300 азаматынан ажырады. Эми эмне кылуу керек? Көшөрүү керекпи? Көшөрө берсе, акыры аягында Наумандын бир сыпайын да калтырбай жок кылып, жеңишке жетет. Баасы канча болот? Ордонун аскери ушуну менен түгөнсө го! Өзүнүн негизги күчүнөн ажырайт. Кайра оңойлук менен ордуна келбейт. Исхак түн жамынып тоо тарапка Ала-Букага карай чегинип кетти.

Ала-Бука кыштагына түштөнүп, Исхак кеңеш өткөрдү.

Баягыдай бакылдоо, жулунуп сүйлөө жок, эч кимиси озунуп сүйлөбөй, ар кимисин ар башка ой басып, чайга карашалаган болушуп, саркерлер дымып отурушту. Исхак саркерлердин деми кагылып калганын жазбай көрдү. Өзү да ойлуу, чай ууртай отуруп:

– Кана, баатырлар, – деп, бирден сыдырып тиктеп, кеп баштады, – сүйлөй отуралы, кана, эмне кылабыз мындан нары?

Үйдөгүлөр жай козголуп, суроо эч кимисине тике арналбаган соң, дагы ичтен бирин акмалап, күтүп, токтоло калышты.

Исхак:

– Биз, баатырлар, урушка жарамсыз экенбиз али. Бул беттешүү алыбызды чактады. Катуу сындан өткөздү... – деди, мына ушул учурда өзүнөн кеткенин, башка саркерлерден болгон кемчиликтерин оюна имерип, үйдө отургандардын баарын сыдыра тиктеп, сөз улады. – Мына, чыдап урушкубуз келсе, эми жаманыбызды жакшыртып, кемибизди толуктап, баштасак эми чындап урушту баштайбыз, а жарай албасак не кереги бар бөөдө тополоң кылып, элдин тынчын алып?!

– Туура... – дешти арадан.

Те этекте салбырап отурган саркер Камбар ыкшалды:

– Эми, акыбалыбыз ушу экен... мындан нары деле колубуздан эмне келмекчи... күмөн го, бек.

Исхак ага ынтаа коюп тиктеп, кадимки буйрук кыла жүргөн бектерден болсо, мындайда атырылып чыкмак, ал иреңи да өзгөрбөй, үнүн көтөрбөй:

– Мейли, – деди акырын, – өз акылың өзүңө эп, Камбарым, башынан эле ыргылжың экениңди байкап жүргөм, мейли, кала бер айылыңа.

Саркерди карап калышты баары. Эмне деше алат?! Түзүк топтолбой, түзүк бир иш өтөбөй туруп, кайра ыдырап кетмеги ушубу кошундун?! А Камбар ушул азыр дагы ыргылжың, толгонуп, кабагын карыш салып туруп калды.

Исхак:

– Ишиң алга жылса ага тең орток, а жылан менен кармашып өлтүрө албай жатсаң, таш алып бербей тескери караган өнөк – өнөк болбойт. Мына, көрүп алгылачы, ушундай кишилер ушу кебетеси менен биздин ишти белге гана тебет, кошун ичин иритет го... – деди дагы эле жумшак.

Камбар саркер ошол салбыраган бойдон, камчысын сүйрөгөн бойдон үңкүйүп, үйдөн чыгып кетти. Улагада отургандардан тарта кыдырата тиктеди Исхак:

– Кана, – деди, – кете тургандар дагы барбы?..

– Жо, кетпейбиз биз, – деп жиберди Эр Эшим, – бек, өзүңүз кете берсеңиз да, биз кете албайбыз, элибизди коргойбуз, бек!

Ыраазы болду белем, өрөпкүгөн жигитке башын ийкегилеп койду да Исхак сөз жалгады: – Куп жакшы! Чаткалга чегинебиз, уста жыйып курал жасатабыз, ок куйдурабыз, дары ийлетебиз. Алтын табалы, орустан курал сатып алышка аракет кылабыз...

«Сатар бекен орусуң?..» – деп күңкүлдөп калды бирөө. «Ие, жанагы сары азгырыкты көрсө азгырылбай койбойт ко...» – деп, ага акырын жооп кылды бирөө.

Бу аймакта эл-журтка кара болуп туруш үчүн кайратман жүзбашы Эр Эшимди Чанач ченге таштап, чаткалга ашып кетти Исхак.

* * *

«Орустар Түркстанды басып, эң акыры Оуганстанга, Индстанга коркунуч пайда кылат...» деген кооптонуу өзгөчө Россия менен атаандаш мамлекеттердин арасында ошол учурда көп сөз болуп, алар дүйнөдөгү Россия кызыккан маанилүү маселелерге тоскоолдук уюштура башташкан. Ошон үчүн Европада да, Азияда мамилени кыйындатпоо аракетине өткөнгө байланыштуу генерал-губернатор бири-бири менен тытышып алып орус отряддарынан жардам тиленип жүргөн жергилик майда бийлердин «карамагыңарга өтөбүз» деген, аны да иреңи сур тилмечтер жазып беришкен кагаздарын кабыл алууну токтотту. Майда бийи эмес, ханы мыңк этпей кол бала болуп отурганда андай кагаздардын зарылдыгы барбы, андан көрө «өлкөнүн эгеси азирети хан менен шартнамага келишкен», «күн чыгыш жактан боло турган коопко биргелешип туруштук кылуу» деген алда канча маанилүү шылтоо болорун болжошту.

Үрөйү периште генерал-губернатор фон Кауфман ак пашанын атынан Кудаяр-ханга «Высочество» деген атоо титул берип, бриллиант жылдызы бар I-даража Станислав ордени менен сыйлады.

Эми Кудаяр кутурбаганда ким кутурат?!

Баягында амир Музафардын маслахаты боюнча ордого аралаштырган уулу Абдылла бекти тымызын ордодон кайра чакыртып алды Курманжан датка.

Өкүмдарынан мактоо, сый алган Науман пансат ансайын желикти. Эрегишке катышы барын, жогун ылгабай эртеңкиге жүрөк титиреткен таалим болсун деп, жолмо-жол кыштактарды, айылдарды бир тегиз кыйратып жүрүп олтурду. Көр тирилигинде жүргөн караламан эл каяша кыла алабы, кырылып, үйүн, малын талоонго таштап, аттуусу аттуу, жөөсү жөө самсып, тоо тарапка сүрүлдү. Чартак, Шоркен, Беш-Коргон, Азирети-шаа, Мамай, Нанай кыштактарын талап, Науман тоо этектеп Көк-Жар, Ала-Букага жетти.

Кыбыр эткен жан жок. Кыштак эски көрүстөн болуп аңгырап бош калган эле. Науман кабагын туман басып сүрдүү тиктеген тоо арасына батынып кире албады. Жыйырма беш сыпайын чалгынга жиберди.

Тоо тыптынч. Тоо сүрдүү. Үстүнө ийилген самби талдын учун улам чырпып, көбүк чертип, бир кунунда шылдырттап Чанач суусу агып жатат. Кээ жерде караңдап чулдук көзгө чалынат. Өйдөлөгөн сайын аба салкын. Тайлактын чуудасындай үлбүрөгөн жука ак булуттар кайдадыр бир жакка шашып удургуйт. Те бийикте ала барчын бүркүт айланып жүрөт.

Сыпайлар туш тарапты абайлап, жай келатышты. Жакын ортодо айыл көрүнбөйт. Түзгө көнгөн аттар бүжүрөп ташыркап, шалтактап тердеп, ээсинин жүрөгүн шуу эткизе бирдеменин шарпасын сезгенде селт деп баш көтөрүп, кайра ооздугун чарчаңкы шылдырт чайнап, салбырап, ноюду. Сыпайлар андан нары тоо арасына тереңдеп кирүүгө даабай, бир түзөңгө ат чалдырууга токтошту. Этеги суу, үстү тыталама аска, эки жагы түнөргөн токой.

Көчкө илеше албай калып калган, такымы шакмар жетим торпок оттоп жүргөн экен. Кубалап кармап, бакылдашып союп киришти. Отту чоң жагышты. Лүкүйгөн сыпай, ошол башчысы, торпоктун эки бөйрөгүн алдырып, жарып шишке сайып, өзү оттун башына мине отуруп, кактай баштады. Жакшылап бышырып алып:

– Ва-ах!.. – деп, шилекейи келип, бөйрөккө тиш салды. Тарс! Лүкүйгөн батырбашы отко кулачтап жыгылды. Тарс! Дагы бири чалкасынан кетти. Чуру-чуу түшүп, сыпайлар бири бирине жашынып, колдору менен баштарын бекитишип, үйүлө калышты. Бир сыпай көзүн алайтып, чуру-чуу арасында төш жакты арыта карап, кулак төшөдү. Эч ким көрүнбөйт. Өзүлөрүнүн чуусунан башка эчтеме угулбайт. «Жалгыз мерген окшойт? Өзү качып кетти окшойт эми?» деген ой кылт этти. Шер байлап:

– Ты-ынч, коён жүрөктөр! – деп, кыйкырып турду. Чуулдагандар дым боло калышты. Тарс! Сыпай бүк түшүп, тырышып жыгылды.

– Жан соога! Жан соога-а... – деп, чуу туруп бакырып жиберишти.

Жапалак арчанын нары жагынан бирөөнүн кара тебетейи көрүндү. Бери жылды. Эр Эшим экен. Эки этегин кайра кыстанган, бутунда эчтемеден тайгаланбай турган чылгый тери чокой, белинде ок чонтой, кичинекей кыңырак, колунда кара мылтык. Милтеси түтөп жүрөт. Ал үңүрөйүп тиктеп жакын келди. Сыпайлардын дагы бири алаңдап.

– Ой! Жалгыз экен. Ургула!.. – деп жулуна берди. Ошол замат тарс этип бадалдан чыккан мылтык үнү менен кошо сүрдүгүп жыгылды. Эми титиреп туруп беришти.

– Жан соога... Ой, айланайын... Ой, мусулман баласы...

– И?! Эми эсиңе келдиби мусулманчылык?! И, жан керекпи?! Таштагыла куралды бүт! Бат! Бат!

Эр Эшим кыркма кара сакал, алагар көз эки кишини мылтыктын учу менен шилтеп четке чыгарды. Ошол замат бадалдан «тарс», «тарс» деп ок чыгып, экөбү тең жер сүздү.

Эл түздөгү кыштактарынан үрккөндө мурда арасында жашаган түркчө сүйлөп кеткен перстер бош калган жерлерди менчиктешип, эки ортодо туйтунууга киришишкен эле. Булар мына ошолордон жол көрсөтүүчү болуп жүргөндөр болучу. Сыпайлар мыңк этишпей, өзүлөрүнүн жаны кара мылтыктын оозунда тыпырап, карап гана турушту. Эр Эшим:

– Бери кел! – деп бир сыпайды өзүнө чакырды. Сыпай калчылдап кетти:

– Жан кыйба, тууган... Жан кыйба, жаш катыным бар эле....

Эр Эшим күлүп жиберди:

– О, жаны жок сарт...

– Жо-о, мен сарт эмесмин, – деди сыпай, – мен коңуратмын, токсон боолуу өзүбектин бир боосу... – Ал жанагы түркчө сүйлөп кеткен эки перстин өлүгүн көрсөттү. – Тигине сарт...

– Болуптур, – деди Эр Эшим, – баарыңын жаның соога. Уктуңарбы? Ушул бойдон артыңарды карабай кетесиңер. Баргыла, Науман сартка айткыла, кол кайрый албаган элге азар көрсөтпөсүн! Уктуңарбы?

Сыпайлар чуулдап жиберишти:

– Уктук, тууган, уктук!..

Сыпайлар жабыла учкан таранчыдай дуулдап аттарына чуркай беришкенде, Эр Эшим:

– Эй-эй, – деди эле, алактап кайра токтошту.

– Олжо калтырбайсыңарбы?

– А!.. Ал, баатыр, ал... – дешип, кайрылганча шашышып, ликилдеп чубап, жолго түшө беришти.

Тоо тыптынч. Тоо сүрдүү. Тонолгон сыпайлар чапандарын ийинге салып, биринен бири өтүп, желип жүрүп кетип баратышты. Коктулар үңүрөйүп сүрдүү тиктейт. Ар бир жапалак арча кооптуу. Те бийикте булардын ар бир кадамын эсептеп көз салып акмалап жүргөн сыяктуу каалгып, алабарчын айланат. Тоо тыптынч.

27 страница15 августа 2018, 18:43