уландысы
* * *
Э, илгери, төрт жыл илгери, кайран эл хантагасынын кунун тартып, жабыр көргөн жылы, кеч күздө касиеттүү көк өзөндөн Эшимдин туз-насиби көтөрүлгөн эле.
Ошол күнү да көк өзөндүн мөлдүр суусу бир кунунда шылдыр кагып, агып жаткан болучу. Ша-ау-у этип, ныксыроо тарткан шоокуму жайма-жай, көңүлдү тынчтантып, бейпил түндү терметет. Чырым боз булут толгон айдын айдың жүзүнө үлбүрөп жабылып, айлана булаңгыр эле. Эшим эки колун шалдайтып таштап, нымык сары чөптүн арасында чалкасынан түшүп жатты. Айзаада жанында отурат. Ай улам жылып, чарым боз булутту акырын сүйрөп таштап, гүлдөп турган жубандай балкып, толукшуп, каалгып баратты. Эшим кеч күздүн сызы бооруна өткөнүн сезбейт. Эч нерсени өзүнө кошо сыйдырбаган, көңүлдү аны сайын ыкшоо кылган жылуу сезим аны куштун канаты менен желпигендей алдейлеп, магдыратып жатты.
– Баласың... Эчтеме капарыңда жок. Сенин оюң оюн, кеч киргени, таң атканы менен иши жок жаштык оюң, мастык оюн...
Айзааданын жумшак, эркелеткендей күңкүл жумшак үнү, жел кесин сылаган кебездей жумшак, жылуу алаканы аны ансайын эритти белем, ал толгонуп келип, Айзааданын камзолунун жакасын ачып, көкүрөгүнө тумшугун салды:
– Деги эмне кылайын?.. – деди, өзүн таза туткан жаш жубандын көкүрөгүн жыттады. Айзаада ошол ээн жерде бирөө аларды акмалап тыңшап тургандай, эки жакты абайлай каранып, боюн оолактатты:
– О, садагам ай... – деди күбүрөп. – «Баягы жесир бармактай жыртыгын тыя албай боозуп алыптыр» деген айың кеп болот, садагаң болоюн... – Эңкейип, кулагына шыбырады. – Өзүң киши салып көрдүң го, аваң мени сага ыраа көрөр пейили жок, унчукпай койду го... Өзүң эле айтып көрсөң болмок баатыр акеме...
Мурдун тартып койду Эшим. Келин мойнуна кош билегин арта калды:
– Кетели, макулсуңбу?.. Кетели, жан биргем... сөздөн далда, көздөн далда...
– Каякка?..
– Жер азбы, эл азбы?! Табылар бизге баш катар бир бурчек...
– Эмне деп атасың сен?! – Эшим Айзааданын колун мойнунан чыгарып алып таштады. – Эмне дейт деги бу?! Өз элимден бөлүнүп, киндик каным тамган жеримден бозуп, ыя, кайда барам?! Бир катынды ээрчип...
Шагы сынып, томсоруп отуруп калды Айзаада. «Бир катынды ээрчип...» деген сөз өтө катуу тийди ага. Эшим да муну сезип, коркуп тиктеп калды. Чөбү менен тең өскөн тууган жерден, жытыгышкан, сиңишкен бир жакка айрылып кетүү анын оюна эч качан келбеген.
Айзаада көпкө унчуга албай отуруп, өз кыял толкунун өзү жеңип, эми карандай акыл нугуна түшө баягы убайымдуу, муңдуу үрөйүн кайра кийип:
– Капа болбочу... кагылайын... – деди жылмайганга аракет кыла. – Те бир... илгерки кыз кыялым келе калбадыбы?! Ушул жерден эле, эч тоскоолсуз эле кош кептерлердей кылактап кете бере тургандай... жүрөгүм шордуу алып-учуп калып...
Эшимдин оозуна эчтеме кирбейт.
Айзаада:
– Кагылайын... Өз билгениң өзүңө оң, кагылайын. Сен эркексиң – өз жериңдин кулусуң, өз элиңдин уулусуң!
Өзүн да, аны да соороткон Айзааданын үнүнөн мууну бошошуп бараткансыганын байкады Эшим, бирок жубатар эмне айта алат, өзү шалдырап отурат.
Айзаада:
– Не эр жыргалын көрбөсөм, не бала жытын сезбесем – убайы кайсы өмүрдүн?! Ачуу сөз, акшыйган көз күнүмдүк энчим болуп, күңдүн күнүн өткөрүп – кызыгы кайсы дүйнөнүн?! – деп, үнү буулуп, ордунан турду. – Тура албайм эми биерге, кагылайын... Мейли, дагы шорум болсо дагы тартармын... Эсен бол...
Эшим ынтылып туруп, анын колунан кармай калды. Кошо кетеби, же күңдүн күнүн көргөн шоруна зорлоп алып калабы, Эшимдин көңүлүнө келе алган жок. Айзаада ийнин кысынган бойдон, колун тарта да албай, кайра отуруп кала да албай, бери оң карай да албай кыйылып, майышып токтоду.
Көк өзөн «шау-у» этип, бир кунунда жай термелип агып жаткан шоокуму алыс угулуп турат. Мемиреген кадыр түн. Биртке чарым булут маңкайган айдын бетине үлпүнчөк болуп тартылып, Айзааданын жүзүн көлөкөлөнтө берди.
Кантсе да, кайтпай турганы аз да болсо тартынганынан сезилип, көңүлү тымызын сынып, Айзааданын колун акырын коё берди Эшим. Айзаада унчукпай үңкүйүп нары басты. Шалдырап, башы маң, эки тизесин кучактап отурган жеринде отуруп кала берди Эшим.
Бир оокумда Айзааданын үңүлдөгөн дабышы үзүл-кесил угулду. Акырын өксүп-өксүп ыйлагандай. Муңканган ырга окшойт. Кеч күздүн салкын авасында арман, өксүк, ый, муң толгон басмырт овон калкып, улам пастап, улам нарылап, акчыл буурул түндүн койнуна түбөлүккө кайрылбас болуп сиңип, тарап, жок болуп баратты.
Ошонун эле эртеси эл жатар убак. Теңирбердиаксакалдын үйү жактан чуу чыгып калды. Эмне болуп кетти?!
Тура чуркады Эшим да.
Авасы өзү эсен, үйгө сүйөнүп, күүгүм талашта бозоруп отурган экен. А кемпири айгай салып турат:
– Жанагы, өлүгүңө o отура калайын кара такыя жок! – деп, алаканын шак коюп, көзү чакыраңдап, алдастап, өз ачуусуна өзү ууккан сыяктуу акактап турат. – Э-э... мен билип эле, байкап эле жүргөм... а өлүгүңдү көрөйүндүн шүйкүмү бузула баштаган...
Эшимдин жүрөгү шуу этти. «Эмнени байкайт?..»
Кемпир:
– Кетерман өңдөнүп эле, тириликке көңүлү келбей эле, көзү агып эле... бир жакка жоголуп эле... – деп ныктап, кейип турду. – Кетти ал өлүгүңө отура калайын, кара такыя!..
Чогула калган айылдаштардын оозу ачылып калган. Эмне деш ылазым мындайда?! Же кубана албайт, же таба кыла албайт, же тиги ажаан жеңесине кошулуп каргаша албайт.
Теңирберди аксакал өзү мыңк этпейт.
Кемпир гана кыжылдайт:
– Ой?! Эмне селдейесиңер баарың?! Ыя, табалап турасыңарбы?! Ыя, намысты ойлогон эркектана калган эмеспи бул айылда?! Баатыр уул бир күн үйдө жок болуп калса эле, айгыры жок үйүрдөй тентиреп, башсыз каласыңарбы, ыя?!
Сөз өттү сөөккө!
– О, кокуй ай, – деп жиберди бирөө эми эсине келгендей, – туралы, издейли жабыла!
Аны сайын кычатты кемпир:
– Эй! Жесириңер, силердин катыныңар качып атпайбы, йе кокуй?!
– Мен барам! – деди Эшим катуу, кошунга кошулган, «баатыр» атанган жигит ко, ошол жерде көз көрүнөө оолугуп, өрөпкүй.
– Чап! – деди тажаал кемпир катуу буйрук кыла. – Чап! Тентиреп, адатынча кыңылдап ырдап, андан нары ыйлап, бир көмүскөдө жүргөндүр, таап, уруп, атка өмгөктөтүп айдап кел. А ниети бузулуп качкан болсо, ал өлүгүңө отура калайындын жазасы ошол, жеткен жеринде баш-шын кес-сип ташта... кузгун таласын...
Чындап кыжырланып, кылычын салбактатып, атка минди да, артын каранбай дүпүрөтө чапкан бойдон Кызыл-Жар жолуна чыкты Эшим...
...Колунда бир гана жеңил түйүнчөгү бар, көк өзөн боюнан астелеп узап, жоолугу колунда, мончоктогон терин анда-санда аарчынып, демигип, желип жүрүп келе жатты Айзаада.
Ээн жер, жортмологон жумшак жел кандайдыр бир шабыртты көтөрүп жүргөнсүйт. Ал аны сайын эки этегин түрүп, дикилдеп жүгүрөт. Кара такыя, көк көйнөк, бейбак таалайынан качып, эми бет алдынан жаңы бакыт деле үмүт кылбай, бар болгону көз ачып турмуш көрөрү замат шорго кабылган жерден качып, чымырканып барат.
Жел канатына минген шабырт дагы угулду. Айзааданын эти дүрүлдөдү. Эки тизеси уюп, көл-шал терге түшүп, аптыгып токтой калды. Үн адамдын үнү сыяктуу. Тыңшап, ал өзүнүн жүрөгүнүн дүк-дүк туйлаганынан башка эчтеме уга алган жок. Энтигип отура калды. Ошол учурда так үстүнөн «выг-г, выг-г...» деп, коркунучтуу балдырап, байулу учуп өттү. Айзаада эки колу менен башын бекитип бүрүштү. Жакын эле жерден бирдеме кышылдагандай сезилди. Ордунан турду. Шамал экен. Шау-шау этип, куу карабүргөндү желпип жатты. Ал алдыга кадам басты. Кандайдыр кобураган үн угулду. Куугунчу! Жүрөгү опкоолжуй түштү.
– Ай-за-ада-а...
Те бир убакта акырын кыйкырган үн угулду. Айзаада калың карабүргөндүн арасына отура калды. Эч арылбаган, эч кутулбаган шору этегине илешип, дагы калбай, дагы куткарбай кууп келе жаткандай, башын катарга, жашынарга жер таппай, аалам ал үчүн алакандай тар болуп, Айзаада чымырканып, дем тартпай, жер боортоктоп, көзүн жумду. Ат дүбүртү жакындап келатты.
– Айза-ада-а...
Айзаада куштан качкан кекиликтин балапанындай боору титиреп бүрүштү. Жүрөгү ошол жүгүргөн аттын төрт туягындай дүкүлдөп жатты. Кыйкырып издеген ким? Кимдин үнү? Ажыратышка чамасы келген жок.
Атчан обочо жол менен дүпүрөтө салып өтүп кетти.
«Ай-за-а-да-а!..» деген үнү эми алыстан угулду. Айзаада дирт этип ордунан тура калды. Эшим экен! Ал андан нары эч ойлоно алган жок, эч токтоно алган жок, карабүргөндү дуулдатып, жүгүрүп жөнөдү.
– Э-ши-и-им!..
Ал өзүнүн кыйкырганын да, өзүнүн үнү экенин да сезе албады. Жүрөгү өрттөнгөндөй алып учуп, эки эмчеги балбактап, анысын өзү билбей, солуктап ыйлап жөнөдү.
– Э-ши-и-им!..
Эшим да бери чаап, жакындашканда аттан түшө тосо басып келди:
– Мен... мен... – деди ал, – коркпо...
Айзаада энтигип, алпыгып келип, эңкейе койбогон Эшимдин тизесин кучактай, эч сөз айта албай, өпкөсү толуп, өксүп-өксүп ыйлап жиберди.
Эшим суз, бир азга нес боло, бу солуктаган байкуштун төбө чачынан кармап, ошол учурда «баш-шын кес» деген үн кулагына кайра шыбыралып угулуп, кемпирдин тажаал үрөйү көз алдына тартыла, а бир жактан «бу байкуштун качкандан башка кайсы айласы калды эле...» деп ойгонуп турду өз ою.
Кайдан билмек Айзаада?! «Артымдан келген тура... Мени кыя албаган тура...» деп көңүлү алып учуп, ошол замат өйдө болуп, аны эми ыраазылыгы солуктатып, Эшимди колдон ала өз кете турган жагына карай акырын тартты:
– Ыя, кетелиби... кетелиби, жалгыз жан көңүлдөш береним?.. – Көзүнүн жашын соруп, эч соороно да албады.
– Кой, ыйлаба эми... ыйлаба эми... – деп, Эшим да анын ыгына карай аяк шилтебей коё албады, кошо басты. «Мейли, сооронсунчу...» – деди ою, анын ушундан нары кетип жат болуп кетишине көңүлү эч макулдук бербейт, андан көрө чаап таштап тескери карап кете бериши ага оң сыяктуудай.
Эшим улутунуп алды:
– Кайт десем, «шоруңа кайт» дегеним болсо...
Токтой калды Айзаада:
– Мен тирүүмдө шорума кайра кайта албайм, «кайт» дей көрбө... аябайсыңбы мендей баксызды...
Эшим кем сөз, Эшим суз, мунун кошо кетейин деген ою жоктугун дароо сезип, жүрөгү дилдиреп, санаасы санга бөлүнүп кетти Айзааданын.
Тагдырдан ким качып кутулган?!
Айзаада:
– Башка оюң болсо ошол оюңду тез кыл, баатыр кайним... жанымды ал дагы кайта бер... – деди акырын, алсыз, көзүнүн жашы тыйылып калды. Былк этпейт Эшим. Айзаада акырын чөгөлөп, мойнун узарта созуп, кылычка тосту:
– Мына... чаап сал... мен тирүү бара албайм шорума...
Эшим аны тоголото коюп жиберди. Кың дебей, ордунан турушка аракет кылбай, акырын онтоп, эми өлүмгө моюн сунуп, өлүмүн күтүп жатып калды. Эшим анын үстүнө үңүлүп, эч үнсүз, эч кыймылсыз, буулугуп токтолду, жүз үйрүп атына барып, ээрдин кашын кармап, ичи уйгу-туйгу түшө кайра келип, кайра үңүлдү да, сөгүнүп, келинди шап көтөрө атка мингизе салды. Ээрден онтоп оонап түштү Айзаада:
– Жо... бара албайм тирүүмдө... шорума...
– Ай, кантейин ай... кантейин ай... – деп, балбалактап жиберди баатыр деген жигит. – Ай, кокуй ай, ата конушумдан айрый турган болдуң... ай, азгырыгым ай... Болуптур...
Дароо тирилгендей болду Айзаада, үн да чыгарбай, эч сөзгө келбей, «айнып кетеби» деген күдүк кыстагандай, алаң-алаң каранып, жөнөп калды. Нечен алдырып, нечен жаздырып, эң акыры араң жолуккан ырысын бирөө колдон талаша тургандай, же артынан куба жетип, же алдынан тосо чыгып, жулкуп алып кете тургандай Эшимдин колун бек кармап, ошол жерден тезирээк, эптеп эртерээк узап, көздөн далдаа, сөздөн далдаа кетүүнү самады. Эшим да ликилдеп чуркады. Жетегинде аты бар экенин унутту. Алар кол кармашып, биринин деми бирине эш болуп, биринин ак көңүлү бирине кубаныч, кубат болуп, өзүлөрүнүн эртеңки катуу багыт күнүнө карай, эртеңки куш жеминдей болсо да бактысына карай алпыгып, демигип кетип баратышты.
Эшим тоо этектеп салып, күн батышты беттеп, көңүлүнүн тереңинде Ташкен багытын болжоп келатты. Биринчи күнү көзгө чалынбас үчүн күндүз буйга жерге тыныгып, түндө жол жүргөн эле. Мына, бешинчи күн болду. Күнү, түнү дебей, атка Айзааданы мингизип, өзү эки этегин кайра кыстанып, алдыга лепилдеп түшүп, жүрүп келет. Мындайды көрбөгөн Айзаада атка урунуп, акыркы күнү, ашууга карай бет алган күнү кыңкыстап табы айнып калды.
Суу боюна түшүп, ат чалдырышты. Эс алышты. Айзаада өйдө боло албады. «Ичим!» деп, сыздап, тырышты. Эшим алактап калды. Эмне дээрин билбей, эмне деп жубатарды билбей, эмне берип ооруга аралжы түшөрүн билбей калды.
– Эмне кылайын?.. Эли бар жерге кайрылсак бекен?.. – деди такыр айласы кеткенде, Айзаада эки көзү чоңоюп коркуп:
– Бирөө таанып калсачы?.. – деди. Эшим буга да жооп таба албады. Шылкыйып, атты жетелеп алдыга түштү.
Алар бир аз жүргөн соң кетип баратышкан капчыгайдын бир айрыгынан коңкулдап иттин үргөнү угулду. Эшим жолдун айрыгына бир аз турду да, унчукпай, ошол ит үргөн жакка бурулду.
Кыштоого жакындаганда бир куу ит жалкоо үрүп, үргөн шаанисин эле кылып, коңкулдап тосуп чыкты. Кичинекей таш короонун четиндеги супадагы боз төбөл үйдүн эшигинде карап турган адам «О, кет!» деди акырын, ит дароо басылып, андан нары чоочундар менен иши да болбой, кайра артынан ыргылжың тартып ээрчий басты.
Эшим эки колун бооруна алып салам айтты:
– Ассалому алейкум!..
– Ва-алейкум-а ассалам! – деп кыраат менен алик алды үй ээси.
Көгала чокчо сакалдуу, маңдайы жарык, эки көзү жаштыкындай балбылдаган, жүзү кызылдуу адам экен. Эшим андан нары эмне айтарын билбей, эки жагын каранып эле, жер кайсалай баштаган атынын башын тарткылап эле туруп калды. Тиги киши аттын үстүндөгү бейтап келинди көрүп:
– И, келгиле... – деди да, Эшимге карап: – Эмне карап турасың, баатыр? Аттан түшүрбөйсүңбү келинди?.. – деди да, үйү жакка үн салды. – Өй, мейман келди...
Эшим Айзааданы сүйөп түшүрдү. Боз үйдөн орто жашап калган, келбеттүү, саамай чачын эми ак чалган, кара каш, кара көз зайып чыкты. Эшимди бир, Айзааданы бир тиктеп, анан жай толукшуй басып келип, Айзааданы колтуктан сүйөдү:
– И... Бейтап белем бечара...
Үйгө киришти. Эч ким жок экен. Очокто арча отун чырт-чырт күйүп, казанда бороктоп бирдеменин эти кайнап жатат. Зайып мээримдүү окшойт, эч чийткебей, бөлөксүтпөй Айзааданы ашкана тарабына төргө өткөрүп кетти. Эшим улага ченге сыңар тизелей калды. Абышка унчуккан жок. «Өйдө отур» – деген да жок. Кызыл көзүн тике сайып, «Кайдан көрдүм эле муну?» – дегендей кыязда. Эшим сыгылып кетти. «Тааныса эмне кылдым?» – деген ой кылт этти, ага да. Нары жакта зайып Айзаададан күбүрөп бирдемени сурап, кейигендей башын чайкап өзүлөрүнчө күймөнүп калышты.
Бир оокумда:
– И? Кайдан келатасың, баатыр? Минтип, кеч күздө ашууну беттеп... – деп, суроо таштады.
Эшим эмне дээрин билбей калды. Оозуна ушу кириптир:
– Таластан... – деди. Абышка жымыйып койду:
– Талас жактан келген киши тиги ашуудан түшчү эле... – деди акырын. – Сен, балам, түздөн чыктың го, Кызыл-Жар жактан чыктың го?..
Эшим салбырап отуруп калды.
Мына ушул мээримдүү кишилердин үйүндө Эшимдер эки күн туруп калышты. Нечен күн ач болуп, ток болуп, жол азабын көрүп кыйналган эки качкынга алар колдорунан келген жардамын аяшкан жок. Эртели-кеч ысыгын, жылыгын беришип, жарык каш-кабагы менен, мээрим менен жубатышты. Алар бат эле үйүр алышып кетти.
Көңүлү ак кишиден сыр жашыра албайт. Эшим акыбалын ачык айтты.
Ойлонуп отуруп, абышка тышка чыгып, даарат алып кайра келди да, төргө чөк түшүп отуруп:
– Э, Ак Эркем, – деди кемпирине, – кудай кошкон курбал экен бу балдар, эмнеге карап отурабыз, булардын башын бири-бирине байлап, алалдап коёлу. Мындай бери келип отурчу.
Эшим менен Айзаада тиктешип калды. Кемпир астейдил коштоду:
– А жакшы болбойбу!.. – деп, көк гүлдүү ак чыныга мөлтүр тунук суу куюп, үстүнө бир үзүм аардуу ак пахта салып, ортого алып келип койду. – Кокуй, баатырым, шашпа, коңшуларды чакырайын, күбө боло турган эл керек го, ыя?..
– Жөн кой. Кыз жагына сен күбө, Ак Эркем, уул жагына өзүм күбө болом! Бисмалла рахман рахим... Бисм алла рахман рахим... – деп баштап, абышка шарияттын нике жобосун арабча жай жобурады да, Эшимге жүз буруп сурады. – Эшим Кудайберди баласы, эки дүйнө Жамгыр кызы Айзаадага дениңди багыштадыңбы?
Эшим кызарып, мылжыйып күлүп, башын ийкеп, жер тиктей берди:
– Багыштадым...
Шарияттын жобосунан дагы кобурап, абышка:
– Айзаада Жамгыр кызы, – деп Айзаада жакка жүз бурду, – Кудайберди баласы Эшимге эки дүйнө...
Айзаада ыйбаа кылып, жоолугу менен жүзүн саал жашырып отурган эле. Ал үчүн күбөсү жооп берди:
– Э-э, багыштабаса минтип эне-атасынан безип бу баланын этегин кармап качып жүрөбү?! Багыштады, багыштады!..
– Жо, жо, – деп башын чайкады абышка, – анетсе да, эреже шарият жол бербейт, жооп өз оозунан чыгыш лазим...
– Багыштадым, – деди Айзаада токтолбой. Мындан да абышка үч кайталап, тактап сурады. «Багыштадым» деп үч жолу жооп берди Айзаада.
Дагы бир сүрө окуду да:
– Эшим, Кудайберди баласы, – деп Эшимге жүз бурду, – Жамгыр кызы Айзааданын сага багыштаган денин эки дүйнөдө кабыл туттуңбу?
– Кабыл туттум...
Абышка Айзаада жакка жүз бурду:
– Жамгыр кызы Айзаада, Кудайберди баласы Эшим чын ыкласы менен сага багыштаган дениң эки дүйнө кабыл туттуңбу?
– Кабыл туттум...
Ушундан соң абышка:
– Оминь... – деп кол жайды. – Эки дүйнө ак жүргүлө, бириңе бириң кара санаба, ичкен ашыңар, тапкан балаңар, жайган дасторконуңар алал болсун, бу дүйнөдө пенде ичинде, тиги дүйнөдө кудай алдында биз күбө... Аллау акбар...
Төртөбү бата кылышты. Абышка көк гүлдүү ак чыныны кош колдоп Эшимге сунду:
– Ке, уулум, мына бу таза, тунук суу – өмүрүң, актыгың, уурта!
Эшим чыныны алып, бир ууртады да, кайра берди. Абышка:
– Эми сен бүлө ээсисиң, бир пенденин милдети мойнуңда, кол каратпай багып ал, кор кылбай сактап ал... – деди да, андан кийин чыныны Айзаадага узатты: – Ке, балам, эми сен бир үйдүн ээсисиң, бир пенденин милдети мойнуңда, аяк асты кылбай күтүп ал...
Көзүнө жаш тегеренип, Айзаада суудан бир ууртады. Абышка:
– Эми, биз кыдыртып ооз тийели! Кана, Ак Эркем, сен баштап ооз тий. Бул суу ыйык суу. Эки пенденин тагдыры байланган суу...
Экөбү эки ууртаган соң, Ак Эрке чынынын түбүндө калган сууну «Этегинен жалгасын! Очогунан жалгасын!» деп ырым кылып, оттун боюна тегерете сээп салды. «Багы бийик болсун!» деп, пахтасын жабыкка кыстады.
– Э, балам, ышкы деген ушундай! – деди абышка ойлуу, салабаттуу отуруп. – Биз дагы жаш болгонбуз. Э, тиги энеңди бир кезде казактан алып качып келгем мен дагы! Атасы миң жылкылуу бай эле. Соода менен Сыр боюна барып калып, Ак Эркем ошондо он беште экен, даланын кызыл гүлкайырындай ачылып калган кези экен, көрүп көңүлүм байланып калды. Сооданы чачтым. Саяк жүргөн бирөө болуп байдын үйүнө барып, акы сурабай бир жыл жылкысын кайтардым. О, анда мага акы керек эмес болучу, Ак Эркемин айда бир жылмайып коюшу мага байлык да, бакыт да эле!
– Өз тарыгыңа түшүп кеттиңби, баатырым? – деп, акырын күлдү Ак Эркеси, абышка башын ийкей отуруп, көзү жалжылдап, качанкы өткөн жаш өмүрүнө кайра аралашып, өрөпкүй сүйлөдү:
– Казак көөдөндүү журт болот. Өлөбакысы бөйрөгүн таянган, кеби асмандан келген, дуулдаган журт болот. Жуучу салууга батына алган жокмун. Беришпейт болчу. Ак Эркемдин наристе ышкына, бактыма сыйындым. Сөзүбүз тынган күндөн баштап, жылкыда эки буудан ат бар эле, экөбүн тең жашырып суутуп, буудандар табына келген күнү Ак Эркем боз жигит болуп кийинип, «Э, жараткан, ач жолумду!» – деп, үзөңгү кагыша жарышып, качып чыктык! Ташкен аркылуу элге келсем, туугандарым алда качан «Өлдү» деп кара ашымы берип коюшкан экен. Э, балам, мен муну көргөм... – Ал ойго батып жүзү суз тартты. – Жеттим көңүлүм сүйгөнгө. Ынтымагым, ырайышым болду. Курсагым ачпады, үстүм тозбоду. Э, жараткан, мунуңа да шүгүр! Кудайым бир баладан гана кем кылды...
Ак Эрке көз жашын көйнөгүнүн жеңи менен сүрттү.
Эртеси «Бул жакшылыгына ыракмат! Сүйөнүп эле жата беремби?! Өзүлөрүнө жараша тирилиги бар го булардын. Ашына жүк, башына жүк болуп...» – деп ойлонду Эшим. Кайырлашмакчы болду.
– Изиң сууганча, эми, эптеп баш калкалар жер издейсиң го, карагандын түбүн издейсиң го, балам. Баштан өткөн, качкан кишиге кең дүйнө алакандай болуп тарыйт ко, чиркин! – деп кынжылып отурду абышка, бир аздан соң: – Ылайыгындай кыл, мына, мында калам десең, кал, өз үйүң, өлөң төшөгүң болот менин үйүм, өз баламдай болуп жүрө бер. А жок, бактымды дагы башка жактан издейм десең, жол тигине, келиндин алдына ат берейин, эки адам көрүшөт, эки тоо көрүшпөйт, көрүшүп калсак, айтарсың ыракматыңы...
Эшим сүйүнгөнүнөн нымшып кетти:
– Бала кылып алыңыз...
Эмнегедир абышка да толкундап, жүзү нурланып отуруп калды. Ал толгонуп туруп, ойлонуп туруп эшик жакка карай үн салды:
– Э, Ак Эркем...
Эшиктен зайыбы кирди. Абышка зайыбын сынай тиктеп, бир аз токтолуп, айтсамбы, айтпасамбы дегендей, бир аз кыйылып турду да, акырын сүйлөдү:
– Тууган баладан көрсөтөбү кудайым убайды, тутунган баладан көрсөтөбү кудайым убайды...
Ак Эрке акча жүзүн кылайтып, байына бир түрдүү мээр менен тиктеп, байынын оозунан чыккан сөз ага чексиз кубаныч апкеле тургандай, астейдил кунт коюп, токтоло калды.
– Ак Эркем... карачы, кудайым өзү жеткирип турган жокпу бизге экөөбүз кырк жылы зарыгып тилеген жалгыз баланы, карачы...
– Не болду, баатырым?.. – деп сүйлөдү Ак Эрке Эшим жакка жал-жал карай. – Андай болор күн кайда?!.
– Ак Эркем... – деди абышка эки көзү жалжылдап. – Түшүмдө чамгарагыма өзү келип, боосун үзүп качкан коңгуроолу көк шумкар келип конду эле, түшүм туш келип отурган жокпу ай, Ак Эркем... Мен мына бу азгын эрди көкүрөгүмдү жыттатып, уул кылып калсамбы деп турам, Ак Эркем... – деди абышка, үнү каргыл чыгып, дирилдеп кетти акырында.
Ак Эрке селейе түштү. Байын телмирип тиктеди. Эшим үңкүйүп отурду. Орто тымтырс болду.
– Баатырым... – деди Ак Эрке болукшуй. – Сенин көңүлүң менин көңүлүм.. – Көзүнөн жаш кылайып кетти. – Мейли, кырк жылы бала деп, зар кагып, көп көз жашыбыз агып, балапан башыбыз куурап бараткан жокпу, садагам баатырым?! Мына, баланын көзү отурат. «Үйрүн тааныбаган ат болбос, элин тааныбаган эр болбос» деген сөз бар го! «Асыранды баланы абысын чыгарат» деген сөз бар го! Буга не дейбиз, садагам баатырым?.. Эртең бир бейбаш тууганың «Тентиген кул!» десе балаңдын жүрөгү өрттөнбөйбү?! Эртең күнү батча абысыным «Куру тулупка мөөрөгөн байкуш!» десе, садагам баатырым, мен өлбөймүнбү?! Мында не кылабыз, садагам баатырым?..
Абышка нестейип эле, оозунан сөзү түшүп эле, отуруп калды. Улагада Айзаада тик турган бойдон. «Эмне кыласың? Эмне дейсиң?» деген ойго кысталып, Эшимден көзүн ала албай, көз жашы төгүлүп турду. Эшимдин жүрөгү дүкүлдөп кетти. Ал качанкы өлгөн өз атасы эсине түшүп, куду азыр ошонун жанында отургандай болуп, акырын эңилип, көзүн жумуп, абышканын көкүрөгүнө баш салды. Абышканын жылуу, өзгөчө коңур тери жыты келди. Абышка көкүрөгүнө басып кучактады. Экөбү тең эчтеме айта алышпады.
– Ата...
Эшим башын көтөрдү. Абышканын али кызылы өчө элек эки бетинин отунан ылдый сарыгып, көз жашы көгала сакалына түшүп кеткен экен:
– Асырадым, балам, асырадым, асырадым... – деди каргыл.
Ак Эрке жакасын карманып, кудайга мунажат кылды. Шолоктоп ыйлады.
– Туубасам да тутундум, балам, эмчек сүтүм бербесем да, элик сүтүм берермин, балам... Тутундум, балам, тутундум... – деп, чындап бедени ийип, көкүрөгүн ачып, оң эмчегин сала берди. Эшим тартыңбай, кыйылбай, Ак Эрке кемпирдин эч качан бала сорбой бези ошол бойдон сакталган ак эмчегин жыттап, үрпүнөн жалмалап эмди.
Өз жамагатына өлбөгүдөй баркы бар Султанмаамыталдынан кудайга атап аксарбашыл чалып түлөө өткөрдү да, артынан уул тапканын, келин тапканын элге даршан кылып, жамагатын чакырып той берди. Ошону менен Эшимди элге тааныштырды.
– О, көп курама! Көрүп алгыла, кудай мага уул берди. Чын көңүлүмдөн тутундум. О дүйнөдө бир кудай өзү күбө, бул дүйнөдө көп курама өзүң күбө. О, кагылайын журт, менин уулум сенин уулуң! «Бөлөксүң» деп жерибегиле, тең ата, тең тууган кылып алгыла...
Султанмаамыт андан нары сүйлөй албай, болкулдап ыйлап жиберди. Жанында мойнуна бото салынып, кудайдан ыракым тилеп, элден бата сурап, Ак Эрке ыйлап турду.
Эл дуулдады:
– Болсун! Болсун! Уул кут болсун, Султанмаамыт! Уулдан урмат көр, байкуш, келинден кызмат көр, байкуш...
Сакалы чубалып белине түшкөн кары адам эки колун тең жайып, көккө карап:
– О, жамагат! Султанмаамыт мурадына жетсин, тутунган уулунан убай көрсүн, бата берели, о жамагат!.. – деди, турган көпчүлүк дуу эте алакан жайышты. Кары элди кыдырата тиктей, үнүн атайы көтөрө айтты:
– Оминь! Эр Эшим Султанмаамыттын уулу, Эр Эшим кураманын уулу. Оминь, «бөлөксүң» дегендин кара оозуна кан толсун, оминь! – деп бата кылып жиберди. Көпчүлүк дуулдап коштоду.
Эшим энеси Ак Эркенин тырмагынан жаңы чыккан саймалуу сары чалбар кийип, бутунда койкойгон көк булгаары өтүк, кып-кызыл камзолду чалбарланып койгон, башына курама эли кийе турган төбөсү бийик, кайрымасындагы кундузу ничке келген бөрк кийген. Жүзү жарык да эмес, жабык да эмес, жамырап тиктеген чоочун элден сүрдөгөндөй саал акчыл тартып, бирок адеби менен, сыйы менен улуусуна ийилип, кичүүсүнө тигилип, кол берип көрүштү.
Те четте акырын шыкылыкташып жоор аңдып отурушкан эки сагызган сыяктуу ичи жаман эки адам өзүлөрүнчө акырын-акырын сүйлөшүп, көздөрүн тирмейтип баам салып отурушту.
– Э-э... Кайдан ооп келди экен бу?..
– Кудай билбесе! Султанмаамыт бекер чабылып жатыры...
– И?
– Бу соо жигит эмес. Суркун карачы... Сөөлөтүн карачы... Өз элинен мамилеси тынган күнү «хайт!» деп кетип калат бу!..
– И-и, ырас, ырас... Баланын зарын тарткан шордуу Султанмаамыттын эмнесин гана айтасың?! Эликке чыгып али келин сынын бузбайт, атаңдын арбайы, казак катынынын согончогу да канабады...
– Тылагында мүйүзеги барбы кызыталактын?!
– Хи-хи... Мүйүзегин сен кайрып койбойсуңбу?
– Хы-хы-хы...
Алар кытылдап, күлүшүп, башка бирөө жакын келе бергенде ооздорун сыйпалашып, тымпыйып калып отурушту.
А көп курама бапырап, кең көкүрөк, бүркүт кабак, сөөлөттүү жигитти бооруна тартып жатышты.
Мына ошентип, Эшим курама Султанмаамыт деген жай адамдын тутунган уулу болуп, Эр Эшим атыгып, калып калган эле. Эл көтөрүлүп, ханга эрегишип чыкканда зарделүү азамат коңулда жата албай, жаңы туугандарынан жигит курап, Исхакка келип кошулган болучу.
* * *
