29 страница15 августа 2018, 18:50

уландысы 2

* * *

        Науман пансат түркчө сүйлөп кеткен фарстардан дагы бешти жол баштатып, эми «Жинди жүзбашы» атанган жүзбашыны тандалма жүз сыпай менен тез аттандырды.

Жинди жүзбашы капчыгайга салбай, беш жол баштоочуну алдыга салып алып, бети ачык жер менен, кырдап жүрүп отурду. Бат-бат токтоп, эки жакты арытып, эч ким жоктугуна көз жеткен соң, акырындап нарылайт. Эки жолу сары журтка кезикти. Эл эчак көчүп кеткен. Көчтүн изин кууп бир аз жүрүп, алды жагы заулдаган тыталама жардын боорунан өткөн жолго түшүштү эле, бир кыпчылга салынган жер көпүрө бар экен, эрегишчилер бузуп кетишиптир, алды жагынан да, үстү жагынан да айланып өтүшкө болбой, кайра артка кайрылышты. Жон ылдый, андан башка арга да жок эле, капчыгайга куюгуп түшүштү. Суу өйдө татырата чабышып, бети ачык жайыкка чыгышты. Чалгынчылар тонолгон жер ушул жер болучу. Ар жерде чөптү карартып, топуракты майлап, кандын орду жатат. Өлүктөрдү бир четке чогултуп көөмп салышкан экен. Сыпайлардын эти дүркүрөдү. Андан нары дүпүрөп жөнөштү. Көпкө жүрүштү. Тоо тыптынч.

– Бири калбай Чаткалга ашып кетишсе керек, – деди перстин бири, – Ушул жерлерде эле кумурскадай быкырап жатышчу эле...

Бул чөлкөмдө айыл табылбасына көзү жеткен соң, нары тоо арасына тереңдеп кете бериштен чочуп, ал күнкү жүрүштү бүттү деп, Жинди жүзбашы кайра тартты.

Алар бардык коркунучтуу, шектүү деп эсептелген бурум, буктурма жерлерден өтүп, капчыгайдын эң акыркы кыпчылына чыгып келишти. Айлана тып-тынч эле. Тарс! Эң алдыңкы сыпай көкүрөгүн апчып, атынын жалына артылып түштү. Жалт берип, артка дуу коюшту. Тарс! Тарс! Арттан да сыпайлар аттан жалп-жалп түштү. Кайра дүргүп, тыгылып, бир капталды көздөй жабылды. Ал жактан да кабат-кабат ок чыкты. Сыпайлар ортодо уюлгуп, ак көбүк бүрккөн суунун үстүндө шатырап, бири бирине ыктап алдастап, аттар үркүп, чырылдап кишинеп, кокуйлаган кыйкырык, чуу, кай бирөө аттын үзөңгүсүнө сүйрөлүп, кай бирөө аттын төрт аягында жөрмөлөп калды. Тарс! Тарс! Кара мылтыктын үнүн аскалар биринен бири жулуп алып, бирине бири уруп жиберип, кош жаңырыктап, тоо арасы буркан-шаркан түштү.

Бир сыпай ок чыккан жакты карап бакырды:

– О-о, мусулман балдары, жан соога!

Тарс! Кан жайкап жыгылды. Тарс! Тарс! Жан соога бермей жок. Сыпайлар чыйрала калышты. Бир жагын жиреп чыгууну көздөшүп, аттардын жалына өбөктөп: «Йа, алла! Йа, алла...» деп сүзө качырып жүрүп беришти. Ал жактан да үстөкө-босток тарсылдап ок чыгып, аттар жер урагандай оңколоп жыгылды. Жан далбас кылып, бүкчүңдөп жөө качкандарды бадалдын арасынан кимдир бирөөлөр сорок-сорок этип чыга калышып, кылычтап таштап кетип жатышты. Чыкса курчоодон ээси жок кергичтеп качкан аттар гана чыкты.

Кара мылтыктын үнү тып басылды. Туш-туштан мергендер түшүп келишти. Каршы-терши сулап, сууну бөгөп жаткан өлүктөрдү жээкке сүйрөп ташташып, бүт куралын терип, тизгинине чалынып туруп калган аттарды кармап, кайра бирпаста токой арасына сиңип кетишти. Капчыгай кара мылтыктын түтүнү жыттанып калып калды. Төбөгө жору айлана баштады. Тоо кайрадан тыптынч...

* * *

Ордо эч качан тоолуктар менен эсептешпей коё алышчу эмес. Тоолуктар биригип кетишсе, хандарды баш кийимдей алмаштырып, көп учурда ордонун өзүн тыптыйпыл кылып талаган кандуу жаңжалдарды чыгарышчу. Азыр мезгил башка. Кудаяр-хандын артында жарымпаша турат. Кудаяр-хан өткөн өчү, эски кеги козголуп, эрегишчилерди катуу жазалоого буйруп, «козголоңчулардын малы, мүлкү силердики» деп, кызытып, каалашынча укук берип, ээрчитишинче сыпай берип, пансаттарды аттандырып жатты.

Эл үрктү. Наманген шаарынын, байыркы Аксы шаарынын урандысынын, Кезен шаарынын айланасындагы түздө, суулуу жерлерде тирилик кылган карабагыш, катай уругу дүргүп көчүп, жайлоодон нары Таласка, бир чети Суусамыр аркылуу Сары-Өзөн-Чүйгө ооду. Жети кылым илгертен ата-бабасы мекендеген кыштактарын, Сыр-дайрадан кайрыган арыктарын, жаздоо, күздөө конуштарын Кудаяр хан түркчө сүйлөп кеткен перстерге, тажиктерге, араптарга, алам десе жүүттөргө да, көп жылга болжоп ижарага берип, отурукташтырып салды.

Буга эрегишип көтөрүлгөн элдин мизи кайткан жок. Исхак жазгы жортуулга катуу даярданып жатты. Экинчи тараптан, орус чиновниктери менен алака кылууга аракеттенип, «Тамыр бололу, жардам бергиле, көлөкөңөргө алгыла» деп, көп тартуу менен Токмок уездине элчи жиберди. Токмок уездинин начальниги майор Эллер тартууну толук алып, чын ыкласы менен жардам бермей болуп, убада кылды. Кеңешип коюш үчүн генерал-губернатор фон Кауфманга кат жазды. Фон Кауфман жардам түгүл, тополоңчулар менен ар кандай сүйлөшүүнү дароо токтотууну, элчилерди Токмок уездинен тез чыгарып жиберүүнү катуу буйрук кылып жооп берди. Элчилер арып, чарчап, кеч күздө Талас аркылуу араң кайра келишти.

Өз күчүнө таянуудан башка, тагдырга баш байлоодон башка арга калган жок. Эрегишчилер кышы бою тынбай, кыштоомо-кыштоо жер төлө казып, казанын аскан темир тулгасына чейин, теминген болот үзөңгүсүнө чейин кайра соктуруп, кылыч, кара мылтык, найза, үч ача, шылк этме жасашып, ок куюп, дары ийлеп, жигиттер кылыч ыгына машыгып, ат үстүнөн мылтык атууга көнүгүп, катуу даярданып чыгышты.

Эрте жазда кайрадан акбоз аттардын куйругун канга боёп, кайрадан элге жарчы аралады.

– Аттангыла! Аттангыла! – деп жаагын жанып чапты жарчылар.

– О, түптүү журт, аттангыла! Хан дагы айныды. Өз калкын жоодой чапты, өз шаарын каракчыдай талады. Айтып акыл мукурады. Кылып айла түгөндү. Аттангыла, түптүү журт! Түйүндү кылыч менен чечер күн туулду. Аттангыла! Аттангыла...

Ие жалганбы?! Жүгү оорлосо атан төө бакырчак болот! Эл кайра дүүлүктү.

Ошол 1874-жылдын жай алдында, ат көккө кара тил болуп күчтөнгөн кезде, орун которуп жөнөгөн бал аарынын уюгундай дуулдап, дагы ураан кыйкырып, ат туягынан жер дүңгүрөп, мыкты куралданган үч миң ашуун эрегишчи дагы Чаткалдан кара селдей каптап түштү.

Чоң кара жолдун үстүндө, дөңдө жалгыз бейит жаткан.

Исхак жалгыз бейиттин тушуна келгенде атынан түшүп, чылбырды жанжигитке ыргытып таштап, бат-бат басып дөңгө чыкты. Мына, томпоюп жатат жалгыз бейит. Үстүн кызыл гүл баскан. Кызыл гүлдөр алдында жаткан шейиттин канынан абжалган сыяктуу. Исхак кыбыла жакты карап, бейиттин этегине чөк түшүп отурду.

Эр Эшимдин бейити болучу. Улам жумшаган сыпайларын улам буктурманга кабылтып, кырдырып алып, айласы кеткен Науман пансат баягы Камбар саркерди: «Эй, катай, – дептир дейт – үзөңгүлөшүң, кармап келип бересиңби, же, бүт катай уругу кырылсынбы, бооз катындары жарылсынбы? «Тирилей, колго тийгизсең, – деп, сөз жылымдаган, – ыя, силердин жерлерге да сарттар отурук кылдырыла баштады беле, жарасы жеңил, а кежилдегендерге кылычтын сабын кармалап гана койсом жетишет, бир күндө кайра көтөрүнүп чыгып кетишет. Болдубу?..» Анын да айласы куруган, катай саркер токой жамынган эрегишчилерге барып кошулуп шек билдирбей бир нече күн аралашып жүргөн соң ээндетип, бир бейпил күндө капыстан бастырып, байлатып апкелип берип кутулган дейт. Науман пансат кеткенден кийин бозгон эл кайра келип, баатырдын сөөгүн казыктан алып, жолдун үстүндөгү дөңгө чыгарып, гөр казып, жашырып коюшкан эле.

Бүт кол аттарынан тегиз жамырап түшүп, дөңдү этектей тартып, жер жайнап отуруп калышты.

Исхак башын жерге салып, мууну калтырап, оозуна эчтеме кирбей, көпкө унчуга албады. О, бир оокумда, акырын баштап куран окуй баштады.

Көп кол дем тартпай, аттардын анда-санда бышкырганынан бөлөк эчтеме угулбай, бир да киши кыбыр этпей, мелтиреп отуруп калышты. Исхак кыраатын келтирип, узун сүрөөгө түшүп, муңканып окуду. Ыргак менен уйкалышкан арап сөздөрү бирде көмөкөйдөн күңгүрөнө кайрылып, бирде тил учунан шаңдуу чыгып, авага акырын калкып, кишиден кишиге өтүп, өзүнүн түшүнүксүздүгү менен, кулакка жумшактыгы менен, дагы ыйык, дагы сыйкырдуу күчкө оролуп, тиги бири сыңар тизелеп, бири чөк түшүп, бири камчысын таянып, бир тегиз дымып отурган көп элди ого бетер жымырата кармап, бала кезде түшүндө көргөндөй бир ажайып дүйнө, кудуреттин күчү, туулуу, өлүү, пенденин милдети, актык, каралык ар кимдин оюна келип, терметкен, жоошуткан жылуу үн болуп кулакка куюлуп, мээге жыңылдап сиңип жатты.

– Оминь!.. – деп алакан жайды Исхак, ичинен күбүрөп, эли үчүн жан кыйган баатырдын арбагына багыштап, бетине бата тартты.

Бүткүл кол дуу-дуу этип күүлдөп толкуп бата кылышты.

Исхак ордунан турган жок. Былк дебей, баш көтөрбөй, тунжурап отурду. Эми эмне дейт? Эч ким болжой албады. Оозунуп ордунан эч ким тура албады.

– Бул бейит мазар болсун. Күмбөз салынсын. Ыйык жер болсун биз үчүн... – деди акырын.

Алар дөңдөн ылдый басышканда жер жайнап отурган көп кол учкан тарыкчылардай дүрр эте орундарынан тура калышты.

Жанжигит күмүш жалдуу чабдар аргымакты жетелеп, логлоп чуркап, Исхактын алдына тарта берди. Кол түп көтөрө аттанды.

Ала-Буга, Ак-Там, Көк-Жар, Нанай, Мамай, Сефит-булан эли колдун алдынан көкбөрү алып чыгып тосушту.

29 страница15 августа 2018, 18:50